2022-12-06


«БИР АЙЫЛ БИР ПРОДУКТ» ДОЛБООРУНА ТАМАК-АШ ИНЖЕНЕРЛИГИ АДИСТЕРИНИН РОЛУ” АТТУУ ИЛИМИЙ ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ


2022-жылдын 2-декабрында факультетибиздин Тамак-аш инженерлиги бөлүмү тарабынан, ага окутуучу др. Айгуль Усубалиеванын жетекчилиги астында Кыргызстандагы «JICA» Япон эл аралык кызматташуу агенттигинин колдоосунда 2011-жылдан бери иш алып барган “Бир Айыл Бир Продукт” долбоорунун адистеринин катышуусунда ““Бир Айыл Бир Продукт” долбооруна тамак-аш инженерлиги адистеринин ролу” аттуу илимий иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага келген урматтуу конокторубуз Ёшиичи Хаякава – “Бир Айыл Бир Продукт” долбоордун алкагындагы тамак-аш чийики азыктарын кайра иштетүү тууралуу, JICAнын эксперти Алибек Мураталиев – “Бир Айыл Бир Продукт” долбоорунун ассистенти жана Нурбек Мусалиев – “НУР” кооперативинин башкаруу кенешинин төрагасы кызыктуу темаларда презентацияларды өткөрүшүп, студенттерди кызыктырган суроолоруна жооп беришти. Инженердик факультеттин деканы б.и.к., доцент Нурзат Тотубаева иш-чаранын конокторуна сертификат жана белектерди тапшыруу менен конокторго тереӊ ыраазычылык билдирди.