Көркөм өнөр факультетинин “Музыкалык искусство” бөлүмү

 

Программа жөнүндө маалымат

Көркөм өнөр факультетинин “Музыкалык искусство” бөлүмүндө эстрадалык вокал жана салттуу музыкалык искусство жанрындагы аткаруучуларды, мугалимдерди, музыкалык редакторлорду даярдайт.

Адистиги боюнча окууга кабыл алуу сынагында табигатта берилген музыкалык дарамети: музыканы угуу, эстеп калуу, ыргакты сезе билүү жөндөмүн текшерүү менен бирге үндүн негизги касиети болгон тембрине (кооздугу) өзгөчө көңүл бурулат.

Адистиги боюнча өтүлүүчү сабактардын максаты: Үндү туура тарбиялоодо демди туура пайдалануу, дикция, артикулляция, диапозонду өстүрүү, интонацияны тазалоо сыяктуу техникалык каражаттарды колдонуу аркылуу кесипкөй ырчы, аткаруучу, музыка сабагы боюнча мугалимди даярдоо.

Бөлүмдүн окуу планында жеке ырдоо, эстрада жана оркестрдин коштоосунда ырдоо, аспаптарда ойной билүү, сольфеджио, музыка теориясы, фортепианодо ойноо, дүйнөлүк жана түрк тилдүү элдердин музыкасын өздөштүрүү сыяктуу адистикке тиешелүү сабактар каралган. Мындан сырткары комуз, гитара, баалама аспаптарында ойноо - тандалма сабактар катары окуу планында бар.

Бүтүрүүчүлөр дипломдук иште айрым теориялык көйгөйлөрдүн чечилишин илимий изилдөө, анализдөө аркылуу ишке ашырышат.

Музыкалык искусство бөлүмүнө адистик сынагы менен 30 студент кабыл алынат. 4 жыл окуу мөөнөтүндө студент жалпысынан 240 ECTS (кредит) сабак алып, баардык сабактарды ийгиликтүү тапшырышы керек. Окуу системасы 4 жыл ичинде 8 семестрге бөлүнөт.

Бөлүмдө 1 доцент, 3 КР Эл артисти, 12 ага окутуучу, 2 окутман иштешет.

 

Эстрадалык вокал классынын өзгөчөлүктөрү

  • Заманбап эстрада музыкасынын ар-кыл жанрында, учур талабына ылайык аткаруучулук чеберчиликке жетишүү (аткаруучулук манерасын өркүндөтүү);
  • Студенттердин арасынан жөндөмдүүлөрүн эл аралык, республикалык конкурс-фестивалдарга даярдоо;
  • Бүтүрүүчүлөрдүн магистратурада билимин өркүндөтүү сыяктуу максаттарды көздөйт.

 

Бүтүрүүчүлөрдүн эмгектенип кете турган чөйрөсү

  • Бала-бакча, мектеп, орто жана жогорку музыкалык окуу-жайларда мугалимдик кесипти аркалоо;
  • Маданият мекемелеринде, филармонияда, музыкалык театрларда, республикабыздын маданият үйлөрүндө ырчы-аткаруучу, уюштуруучу катары, радио-телевидениеде продюссер, музыкалык режиссёр, музыкалык редактор катары;
  • Эстрадалык топтордо, эл аспаптар оркестринде, эстрадалык-симфониялык оркестрде солист катары.

 

Республикалык жана Эл аралык конкурстарда Гран При, алтын, күмүш, коло медалдарын жеңишкен жана дипломант болгон бүтүрүүчүлөрүбүз Республикабыздын маданиятынын өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп жатышат.