2024-02-28

Куттуктоо


Гуманитардык факультеттин окутуучулары Роза Абдыкулова менен Наталья Янкын, Бишкек шаарынын жогорку окуу жайлары менен кесиптик орто окуу жайларынын академиялык кызматкерлери арасында өткөрүлгөн “Ден соолук-2024” аттуу спартакиадасында ийгиликке жетишти. Спартакиада үстүбүздөгү жылдын 12-14-февраль күндөрүндө болуп өттү. Университетибизден стол тенниси категориясы боюнча мелдеште факультетибиздин окутуучулары Роза Абдыкулова менен Наталья Янкын 3-орунга ээ болушту.

Жеңүүчүлөрбүздү куттуктап, аларга ийгилик каалап кетмекчибиз.