Кесиптик жогорку мектеби

Биздин жогорку кесиптик мектеп


     Жогорку кесиптик колледж - орто кесиптик билим берүүнүн негизги программаларын жүзөгө ашыруучу Кыргыз-Түрк "Манас"  университетинин алдындагы түзүмдүк бөлүмү. Түркия жана Европанын билим берүү стандарттарын жана дүйнө жүзүндө болуп жаткан инновациялык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен биздин колледж үчүн атайын иштелип чыккан уникалдуу программалар жана окуу пландары төмөнкү эң керектүү адистиктер боюнча орто деңгээлдеги кадрларды даярдоого багытталган: 

  • «Менеджмент (офис менеджмент)» программасы
  • «Мектепке чейинки билим берүү» программасы
  • «Экономика жана бухгалтердик эсеп» программасы
  • «Туризм» программасы
  • «Маркетинг» программасы
  • «Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо» программасы
  • «Автомобилдик транспортту техникалык тейлөө жана оңдоо» программасы
  • «Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо» программасы
  • «Ширетүү өндүрүшү» программасы
  • «Жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо» программасы

     Колледжде окутуу үчүн бардык керектүү шаймандар менен жабдылган кенен заманбап класстар бар, колледждин лабораториялары мыкты кесиптик жогорку технологиялык жабдуулар менен жабдылган, окутууда инновациялык, прогрессивдүү, эксперименталдык ыкмалар колдонулат.Колледж студенттерди практикалык иш-чараларга интенсивдүү тартууну жана кесипке эрте киришүүнү камтыйт. Студенттер теориялык билимдерин практикада колледждин өнөктөштөрү болгон ири уюмдарда жана фирмаларда бекемдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
     Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагындагы студенттер менен алмашуу программасы боюнча биздин студенттерге Түркиянын өнөктөш университеттеринде окууга мүмкүнчүлүк берилет.
Студенттер акысыз кошумча билим берүү программаларын колдонушат, ошондой эле түрк тилин үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Колледждин студенттери академиялык жетишкендиктерине жараша стипендия алышат.     Университеттин студенттик кампусу бар: окуу корпустары, жатаканалар, спорт аянтчалары, ашканалар, жаштардын демилге борбору, медициналык борбор, парк аймактары – бардыгы чогуу бир аянтта, Бишкектин кооз аймагында жайгашкан.     Колледжде инновациялык билим берүү чөйрөсү түзүлгөн, мугалимдер окуучулардын инсандык сапатын сыйлашат, алардын чыгармачыл турмушунда жана кесиптик карьерасында жардам беришет.     Биздин бүтүрүүчүлөр эң жогорку квалификацияга ээ болуп эл аралык компанияларда, жергиликтүү бизнесте, мамлекеттик кызматта иштешет. 

http://myo.manas.edu.kg