Илимий иш чаралар

“Компьютердик инженерия” бөлүмүнүн кышкы каникул учурундагы семинарлары

“Компьютердик инженерия” бөлүмүнүн кышкы каникул учурундагы семинарлары

2017-жылдын 18-январь күнү Инженердик факультетинин Компьютердик инженерия бөлүмүндө “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016 үчүн мобилдик тиркемелер” аттуу семинар өткөрүлдү. Семинарда өлкөбүздө 2016-жылынын 3-8-сентябрь күндөрү өткөн Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016 үчүн бөлүмүбүздүн кенже илимий кызматкери Бахориддин Душабаев жана 4-курстун студенттери Нурдин Пазылов жана Нурманбек Апсатаров тарабынан жасалган мобилдик тиркеме жөнүндө маалымат берилди.

Бахориддин Душабаевдин айтымына жараша, алгачкы компьютерлердин оордугу 27 тонна болуп, 174 кВт кубаттулук колдонуу менен секундасына 357 операция өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон (https://hi-tech.mail.ru/news/ENIAC/). Азыркы учурда мобилдик тиркемелер мындан дагы аз кубаттулук менен бир канча миллион эсе көп жумуш аткара аларын жана азыркы күндө мобилдик программалоо МКТда эң актуалдуу багыт болуп эсептелет. Ошондуктан мобилдик программалоого абдан кызыгаарын айтты.

Ишелип чыккан тиркеме Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016 учурунда колдонулган, анын жардамы менен оюн жөнүндө кеңри маалымат алууга, оюндардын күн тартибин жана оюн жыйынтыктарын карап, ошондой эле банк кызматтары аркылуу онлайн билет сатып алууга мүмкүнчүлүк сунушталган. Ошондой эле, тиркеме Кыргызстан жөнүндө кеңири маалымат берүү менен бирге сувенир сатып алууга жол ачкан. Тиркемени 12000ге жакын колдонуучу көчүрүп алган.

Тиркеменин бүтүн мүмкүнчүлүктөрү:

•  "Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016" расмий программасы этноспорт тармагындагы эң маанилүү жана ири иш-чараны чагылдырып турат.

•  Оюндун жыйынтыктары жана ырааттамасы;

•  Кабарлар, сүрөт галереясы жана видео жаңылыктар;

•  Жолду көрсөтүү функциясы камтылган ДКОнун картасы (спорттук объекттер, мейманканалар жана ат майданы);

•  Такси чакыруу;

•  Автобустардын ырааттамасы (графиги);

•  Курама командалар жана спортчулар тууралуу маалымат;

•  Ачылыш жана жабылыш аземдерине билет сатып алуу

•  Сувенирлер дүкөнү

Тиркемерелди https://play.google.com/store/apps/details?id=com.worldnomadgames2016.apps шилтемесимен табууга болот.