Илимий иш чаралар

Магистратура студенттери жана бүтүрүүчүлөр тарабынын ишке ашырылган долбооролор

Магистратура студенттери жана бүтүрүүчүлөр тарабынын ишке ашырылган долбооролор

Университетибиздин Компьютердик инженерия бөлүмүнүн магистратура студенттери жана бүтүрүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин веб-сайты боюнча тендерди утуп алды. Бул тендер алкагында сайт иштелип чыгып, 2016 жылдын жай айларынан бери колдонулуп келе жатат. Веб сайтты иштеп чыгуу укугун AIO компаниясы (http://aio.kg/) утуп алган. Айтып кетсек, бул компания Кыргыз-Түрк Манас Университетинин Инженерия факультетинин Компьютердик Инжененрия бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү Айкут Конушбаев жана Бектур Өмүралиев, ошондой эле магистратура студенттери Болушбек у. Аким, Адилет Эгембердиев жана Шергазы Кокумбаев тарабынан түзүлгөн. Сайттын шилтемеси: http://www.kenesh.kg/ . Жаш программисттер үчүн өлкөбүздүн Жогорку Кеңешинин маалымат порталын иштеп чыгууга жарыяланган тендерди өлкөдөгү көптөгөн чоң ишканалар арасынан утуп алуу чоң жетишкендик болуп эсептелинет. Бүтүрүчүүлөрүбүздү жана студенттерибизби бул жетишкендиги менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалайбыз.