Кабар жана жарыялар

Улуу акын Мехмет Акиф Эрсой эскерилди

Улуу акын Мехмет Акиф Эрсой эскерилди

2017-жылдын 13-мартында Гуманитардык факультетинин Тарых бөлүмү тарабынан уюштурулган Түрк дүйнөсүнүн улуу боштондук акыны Мехмет Акиф Эрсойду эскерүүгө жана Түркия Республикасынын гимнинин 96 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү.

Ага университеттин жетекчилери, окутуучулар жана студенттер катышты.

Эскерүү жыйыны эки өлкөнүн гимнинин ойнолушу менен башталды. Жыйында сүйлөгөн сөзүндө ректор, профессор Себахаттин Балжыга Түркия Республикасынын мамлекеттик гимнин жазган белгилүү акын Мехмет Акиф Эрсойдун Түрк дүйнөсүнүн эгемендүүлүк темасына арналган чыгармаларды жараткан улуу акындардын бири болгондугун жана анын “Истиклал маршы” (Эгемендүүлүк гимни) чыгармасынын маанисине жана өзгөчөлүгүнө токтолду.

Ал эми профессор Фахри Унан “Улуттук гимндин жазылышы жана кабыл алынышы”, профессор Мехмет Айдын “Мехмет Акиф жана Сафахат” деген аталышта баяндама жасашты.

Радио- телекөрсөтүү мүдүрлүгү

ММК жана Коомчулук менен байланышуу бөлүмү