Кабар жана жарыялар

Ректорго ыраазычылык

Ректорго ыраазычылык

Үстүбүздөгү жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын атынан КРнын дене тарбия жана спорт тармагына эмгек сиӊирген ишмери Алмаз Касенов Кыргыз-Түрк «Манас» университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжыга «Ыраазычылык граммотасын» тапшырды.

Ал Кыргызстандын спорт тармагына жана “ Эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргогон жогорку даражадагы улуттук спортчулардын ишке жɵндɵмдүүлүктɵрүнɵ анализ жүргүзүү” темасындагы илимий изилдɵɵ долбоорунун ишке ашырылы шына кошкон салымы, ошондой эле спортту өнүктүрүү   үчүн заманбап комплекстерди курууда жана спорт тармагында адистерди даярдоодогу эмгеги үчүн ыйгарылды.

Ошол эле күнү эки тараптын ортосунда кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Радио- телекөрсөтүү мүдүрлүгү

ММК жана Коомчулук менен байланышуу бөлүмү