Кабар жана жарыялар

Спорт оюндарын өткөрүү боюнча даярдыктар көрүлүүдө

Спорт оюндарын өткөрүү боюнча даярдыктар   көрүлүүдө

15-март күнү КТМУда Түрк университеттер ассоциясынын «Биринчи Түрк университеттеринин спорт оюндарын» өткөрүү боюнча даярдыктарды көрүү жыйыны болуп өттү. Жыйын университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжынын жетекчилигинде өтүп, ага КТМУнун окутуучулары катышты.

Жыйында окуу жайдын ректору спорттук оюндарды мыкты деңгээлде өткөрүүгө үндөп: «Биз спорттук оюндарды өткөрүү менен Түрк дүйнөсүнүн жаштарынын башын бириктирип, ынтымактын чыңдалышына жана достук мамиленин бекемделишине салым кошо алабыз», - деди.

Ошондой эле Дене тарбия жана спорт жогорку мектеби тарабынан «Спорттук оюндарды өткөрүүдөгү даярдыктар жана уюштуруу иштери» деген аталышта баяндама сунулду.

Эскерте кетсек, Түрк университеттери ассоциясынын спорт оюндары 15-19-май күндөрү өткөрүлөт. Оюндарга 16 университеттен катышуучулар катышып, спорттун 5 түрү боюнча күч сынашмакчы.

 

 

Радио- телекөрсөтүү мүдүрлүгү

ММК жана Коомчулук менен байланышуу бөлүмү