Кабар жана жарыялар

Түрк дүйнөсүнүн жаштары БГУда маданий иш-чара өткөрдү

Түрк дүйнөсүнүн жаштары БГУда маданий иш-чара өткөрдү

Үстүбүздөгү жылдын 15-мартында К.Карасаев атындагы БГУда өткөрүлгөн иш-чарага КТМУнун жана Түрк кеңеши Түрк университеттер ассоциясынын төрагасы, профессор Себахаттин Балжы, БГУнун ректору, профессор Абдылда Мусаев, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Чынара Адамкулова жана Түрк кеңеши университеттеринин окутуучу жамааты жана студенттер катышты.

Иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө ректор Себахаттин Балжы: “Бул күн биз үчүн абдан маанилүү. Адамзат тарыхында эң бай цивилизациялардын бирин курган улуу калкыбыз 21-кылымда да ынтымагын бекемдеп, Борбордук Азиядан Европага чейинки аймакта өткөндү кайра жаңылоо мүмкүнчүлүгүн колго алды. Муну жүзөгө ашыра тургандар, албетте, Түрк дүйнөсүнүн жаштары. Жаштар - биздин үмүтүбүз жана биз аларга ишеним артабыз. Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясы жана алдардын аткарган иштери биз үчүн абдан мааниге ээ. Бул жылы пилоттук тажрыйба катары окутуучулар жана студенттер арасында алмашуу программасын ишке киргизебиз. Программа 2017-жылдын сентябрь айында башталат. Мындан тышкары 15-16-май күндөрү Түрк Кеңеши Түрк университеттер ассоциациясынын спорт оюндары өткөрүлөт. Ага 200 гө жакын спортчу катышат. Биз “Ынтымак үчүн спорт” деген ураан аркылуу спорттук оюндарды өткөрүү менен Түрк дүйнөсүнүн жаштарынын башын бириктирип, ынтымактын чыңдалышына жана достук мамиленин бекемделишине салым кошо алабыз. ”,-деди. Ошондой эле Түрк кеңеши Түрк университеттер ассоциациянын   www.turkunib.org   интернет сайтынан ассоциация тууралуу каалаган маалыматтарды алууга болоорун кошумчалады. Ректордун айтуусу боюнча, иш-чаралар муну менен эле токтоп калбайт, күз айларында Азербайжандын Баку шаарында иш-чаралар өткөрүлөөрү пландалып жатат.

Ал эми БГУнун ректору Абдылда Мусаев Түрк кеңеши Түрк университеттер ассоциациясынын студенттик кеңеши абдан маанилүү жана мактоого арзырлык иштер жасап жатканын белгилеп, жаштардын мындай активдүү болуусу Түрк дүйнөсүнүн келечегине ишеним менен кароого чоң үмүт берет деп айтты.

Иш-чара КТМУнун Түрк дүйнөсү оркестри тартуулаган концерттик программа менен аяктады.

 

Радио- телекөрсөтүү мүдүрлүгү

ММК жана Коомчулук менен байланышуу бөлүмү