Кабар жана жарыялар

Сейит Юсуф мырза Манас Фм радиосунун коногу болду

Бүгүн, 5-сентябрда «Манас Фм» радиосунун коногу, Түркия Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чет жерде жашаган мекендештердин жана боордош элдердин иши боюнча башкармалыктын башчысынын орун басары Сейит Юсуф мырза болду.

Эфирден мурда Сейит мырза «Медиа Манас» борборун кыдырып, борбордун жасаган иштерине  баа берип, ийгилик каалады.

Андан кийин Сейит мырза «Манас Фм» радиосунун угармандарына Кыргызстанга зыярат кылуу менен Түркиянын стипендиялык программаларын тааныштыруу максатында атайын иш-сапары менен келгенин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолукканын жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чет жерде жашаган мекендештердин жана боордош элдердин иши боюнча башкармалыгынын жасаган иштери тууралуу айтып берди.

«Биздин башкы максатыбыз - чет өлкөлүк студенттерге татыктуу билим берүү. Андыктан, кыргыз элине кызмат кыла турган мыкты студенттерге жогорку билим берүүгө кызыкдарбыз», - деп айтып келип,

«Короновирус эпидемиясынын кесепетинен улам, биздин зыярат кылуу мүмкүнчүлүгүбүз кыскарып, көп өлкөлөргө бара албай калдык. Бүгүнкү күндө Кыргызстандан 1250 абитуриент катталып, алардын 200ү сүйлөшүүгө чакырылды. Анын ичинен да Түркияда окуп кете ала турганына ишенген мыктыларын тандап алабыз. Башка боордош өлкөлөрдөн да мыкты абитуриенттерди тандап, Түркиянын жогорку окуу жайларынан мамлекеттик стипендиянын негизинде билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп беребиз», - деди Сейит Юсуф.

Медиа Манас