Илим жолунда студенттердин толкунданткан жолугушуусу


  • 2024-04-26

2024-жылдын 25-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында гуманитардык факультетинин филология бөлүмү тарабынан уюштурулган “Илим жолу” аттуу студенттер арасындагы илимий иш-чара академиялык дүйнөнүн жарыгын алып жүргөн жолугушууга айланды.

Иш-чарага гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык, филология бөлүмүнүн башчысы, профессор Бурул Сагынбаева, түркология бөлүмүнүн башчысы, профессор Озан Йылмаз, окутуучулар жана студенттер чоң кызыгуу көрсөтүштү.

Филология бөлүмү кытай тили жана адабияты программасынын окутуучусу, доцент Ю Чен иш-чаранын ачылыш сөзүндө: "Мен мындай иш-чарага катышканыма абдан кубанычтамын. Ушуга байланыштуу дипломдук иштердин алынган баалуу маалыматтар менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн бүтүндөй филология бөлүмүнө ыраазычылык билдирем”, - деди.

Иш-чара студенттерди илимий изилдөө жүргүзүүгө болгон кызыгууну арттыруу, критикалык ой жүгүртүү жөндөмүн өнүктүрүү жана учурдагы илимий тенденциялар менен тааныштыруу максатын көздөдү. Эки отурумда өткөн иш-чарада 4-курстун студенттеринин кыргыз, түрк, орус, англис жана кытай тилдеринде жасаган баяндамалары көрүүчүлөр тарабынан зор кызыгууга ээ болду.

Иш-чара интерактивдүү суроо-жооп форматында уланып, натыйжада катышуучулар арасында бай маалымат алмашуу орун алды.

Жабылыш  сөзүндө гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык иш-чаранын жемиштүү өткөнүн белгилеп, мындай иш-чаралардын улануусу керектигин баса белгиледи. Ал студенттер көп тилдүү чөйрөдө өз оюн оңой айта билдире алганына сыймыктанарын билдирди. Декан, профессор Алпаслан Ашык өз сөзүндө: “Студенттердин бул жерде өз ойлорун, идеяларын жана изилдөөлөрүн бизге беш башка тилде кыйынчылыксыз жеткире алышы чындап сыймыктандырат. Буга ылайык, мен баарыңарга абдан чоң ыраазычылык билдиргим келет”, - деди.

Иш-чаранын соңунда эң мыкты доклад окуган студенттер калыстар тобу тарабынан сыйланышты.

Илим жолунда студенттер билимди бөлүшүү аркылуу академиялык дүйнөнүн байышына салым кошуп, тажрыйбага ээ болушту.

 

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C6VkC57tZb-/

    Социалдык медиада бөлүшүү