“Манас” университетинде “Бүткүл дүйнөлүк ветеринарлар күнү” илимий жыйыны


  • 2024-04-28

2024-жылдын 26-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин конгресс жана маданият борборунда ветеринария факультети тарабынан “Бүткүл дүйнөлүк ветеринарлар күнүнө” карата илимий жыйын уюштурулду.

Иш-чарага “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, ветеринария факультетинин деканы, профессор Исмаил Шен, Ветеринардык палатанын директору Кубатбек Маматкулов жана окутуучулар жана студенттер катышты.

Илимий жыйын эки өлкөнүн мамлекеттик гимндеринин аткаруусу менен башталып, Түркиянын ветеринария ассоциациясы тарабынан даярдалган тасма менен уланды.

Ветеринария факультетинин деканы, профессор Исмаил Шен ачылыш сөзүндө ветеринарлардын тарыхта адамзатка маанилүү салым кошконун жана алардын үмүт булагы экенин баса белгиледи. Декан, профессор Шен факультет катары жакшы жабдылган жана кесипкөй ветеринарларды даярдоо менен коомго жана жаныбарлардын саламаттыгына салым кошуу миссиясына маани беришкенин айтты. Ошондой эле ветеринария факультети тарабынан даярдалган илимий жыйынды уюштурууга салым кошкондорго ыраазычылык билдирди.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө ветеринария факультетинин окутуучуларын жана студенттерин ветеринарлар күнү менен куттуктады. Ректор,  профессор Жейлан Борбор Азиядагы эң ийгиликтүү факультет - “Манас” университетинин ветеринария факультети экенин баса белгиледи. Бул ийгиликтин артында турган инсандарга жана профессор Хусейин Карадагга ыраазычылык билдирди.

Профессор Жейлан өз сөзүндө ветеринария факультетинин ийгилигине токтолуп, факультетте ачылган лабораториялардын жана жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн да сапаттуу билимге колдоо көрсөткөнүн айтты.

Илимий жыйындын модератору окутуучу, профессор Аскарбек Түлөбаев ветеринарлар күнүнүн маанисине жана маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Баяндамачылар тарабынан тарабынан “Келечектин дүйнөсү жана азык-түлүк”, “Рынок экономикасына ылайык ветеринардык кызматты жөнгө салуу”, “Ветеринарлардын иш чөйрөсү” сыяктуу темалар талкууга алынды.

Илимий жыйындын соңунда баяндамачыларга кошкон салымдары үчүн ыраазычылык баракчалары тапшырылып, эстеликке сүрөткө түшүштү.

 

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C6TypsitnqY/

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C6QzEgZN-xi/

    Социалдык медиада бөлүшүү