“Манаста” “Кан донору күнү” чоң кызыгуу жаратты


  • 2024-04-29

2024-жылдын 29-апрель күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин 1-кабатынын фойесинде “Кан донору күнү” иш-чарасы өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коому, Түркия Республикасынын Кызыл Ай Коому, Республикалык кан борбору жана КТМУ тарабынан биргеликте өткөрүлгөн иш-чарага катышкандардын саны арбын болду. Кайрымдуулукка чакырып, кан донору болууга үндөгөн иш-чарага ректор, профессор Алпаслан Жейлан баш болгон университетибиздин академиялык жана административдик кызматкерлери, студенттери катышты.

Кан донору тууралуу маалымдоо жана маалымдуулукту жогорулатуу максатында КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейландын сунушу менен аталган иш-чара уюштурулганын айткан Түркия Республикасынын Кызыл Ай Коомунун Борбор Азия делегациясынын төрайымы Хабибе Калйонжу күткөндөн катышуучулардын саны арбын болгонуна кубанычта болгонун билдирди. “Максаттуу аудиториябыз – студенттер болчу, бирок окутуучулар, кызматкерлер да арбын катышты. Бул акция менен кан тапшырууга үндөө жана багыт берүү деген максатыбызга жеттик,” – деген төрайым Хабибе Калйонжу иш-чараны улантуу тууралуу студенттер тарабынан сунуш берилгенин жана жакын арада улантуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Иш-чара уюштуруучулардын Кыргыз-Түрк “Манас” университетине биргелешкен кызматташтыгы үчүн ыраазычылык айтып, донорлорго белектерди тапшыруу менен соңуна чыкты.

 

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C6WdG4CtS4C/

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C6VYr-6txqO

    Социалдык медиада бөлүшүү