“Эл аралык сапатты камсыздоо жана аккредитация” конференциясы


  • 2024-04-30

2024-жылдын 25-26-апрель күндөрү Жогорку билим берүүнүн сапаты кеңеши (YÖKAK) тарабынан уюштурулган “2024 YÖKAK Эл аралык сапатты камсыздоо жана аккредитация” конференциясы Хажы Байрам Вели атындагы Анкара университетинин чамгарагында бир нече адамдын катышуусунда болуп өттү.

“Эл аралык сапатты камсыздоо жана аккредитация” аттуу конференцияга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин атынан Жогорку билим берүүнү пландоону баалоо боюнча аккредитация жана координациялык кеңештин мүчөсү, профессор Олгун Чичек катышты.

Конференцияга Европа жогорку билим берүүнүн сапатын камсыздоо тармагындагы өкүлдөрдөн тышкары, Казакстан, Азербайжан, Германия, Косово, Босния, Словения, Түндүк Кипр, Түркия жана Мавританиядан улуттук сапатты камсыздоо агенттиктеринин директорлору, университеттин ректорлору жана эксперттер катышты.

Конференциянын жүрүшүндө жогорку билим берүү тармагындагы акыркы тенденциялар жана Европа перспективалары менен бирге сапатты камсыздоо жана аккредитациялоо боюнча алдыңкы тажрыйбалар жана көйгөйлөр талкууланды. Мындан тышкары, санариптештирүүнүн аталган тармакка тийгизген таасири жана келечектеги күтүүлөр тууралуу да катышуучуларга маалымат берилди.

Айрыкча профессор Олгун Чичектин модераторлугунда өткөрүлгөн жыйындык отурумда Азербайжан, Босния жана Мавританиянын ийгиликтүү окуялары жана сапатты камсыздоо практикалары каралды. Бул отурумда катышуучулар алдыңкы тажрыйбалар менен бирге ошондой эле тармактагы мүмкүнчүлүктөр жана кыйынчылыктар боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Түркиянын Жогорку билим берүүнүн сапаты кеңешинин төрагасы жана Жогорку билим берүү кеңешинин төрагалары да конференциянын ачылыш сөзүндө катышуучуларга ыраазычылык билдирип, биригүүнүн жана маалымат алмашуунун маанилүү чөйрөсүн түзүүгө салым кошкондугун билдиришти.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C6d2OnWt-nQ

    Социалдык медиада бөлүшүү