Футбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды


  • 2024-05-02

Үстүбүздөгү  жылдын 30-апрелинде КТМУнун факультеттер жана жогорку мектептер арасындагы футбол боюнча мелдеш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды.

Чыңгыз Айтматов атындагы студенттик шаарчанын футбол аянтчасында өткөрүлгөн оюнга 12 команда катышып, жыйынтыгында инженердик факультети 1-орунга чыкты. 2-орунду чет тилдер жогорку мектеби ээлесе, 3-орунду ветеринария факультети алды.

Сергек жашоого үндөө максатында уюштурулган бул мелдеш жыл башынан бери чоң кызыгуу менен өткөрүлүп келет. Байге алган командалар ээлеген орундарына жараша медалдар менен сыйланышты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C6tNdW7toX-/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү