Зергерчилик боюнча семинар болуп өттү


  • 2024-05-08

2024-жылдын 7-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультети тарабынан уюштурулган “Зергерчилик” аттуу семинар жана мастер-класс кызуу өттү.

Зергерчилик боюнча мастер-классты Кыргызстан сүрөтчүлөр уюмунун мүчөсү, республикалык сүрөт көргөзмөлөрүнүн катышуучусу, сүрөтчү-зергер Жакшылык Чынтемиров өттү.

Аталган иш-чарада 30 жылдан ашык зергерчилик менен алектенип, зер буюмдары АКШ, Түркия, Германия, Япония жана башка чет өлкөлөрдө популярдуу болгон Жакшылык Чынтемиров өмүр жолу, чыгармачылыгы, өнөрканасы, Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде сакталган эмгектерин баяндаган видео көрсөтүп, зергерчилик өнөрү тууралуу кызыктуу маалыматтар менен бөлүштү. Кыргыздарда миңдеген жылдар бою келе жаткан зергерчилик өнөрү менен жакындан тааныштырган зергер Чынтемиров мастер-класста зер буюмдар менен иштөөдөгү маанилүү деталдарга көңүл бурду.

Семинарда студенттердин зергерчилик өнөрү тууралуу маалымдуулугун арттырган иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирген Чынтемировдун баяндамасын катышуучулар кызыгуу менен кабыл алышты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C6tN-dDNSKj/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү