«Алардын (курбандыкка чалганыңардын) эти жана каны Аллага эч качан жетпейт. Бирок ага сенин такыбаң жетет» (Хаж 22/37).
«Силерге тыюу салынган чоң күнөөлөрдөн сактансаңар, кичине күнөөңрдү жаап, силерди татыктуу орунга коебуз». (Ниса сурөсү, 4/31)
«Жетимдердин мал-мүлкүн алар чоңойгондо бергиле, адалды арамга эч качан алмаштырбагыла. Алардын мал-мүлкүн өзүңөргө кошуп жебегиле. Бул чоң күнөө экенин унутпагыла». (Ниса 4/2)
«Асмандар менен жер Алланын мүлкү; бир гана Алланын мүлкү. Аллах бардык нерсеге кудуреттүү». (Али Имран 3/189)
Ырасында Куранды Биз түшүрдүк. Эми аны Өзүбүз сактайбыз. (Хижр сүрөсү 15/9)