Биринчи проректор
саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев

Аты-жөнү : Ибраев Алмаз Орозакунович

Академиялык наамы : Доцент*

Илимий даражасы : Саясий илимдеринин кандидаты

E-mail : corolinaplus@gmail.com

Улуту: Кыргыз

Жарандыгы: Кыргызстан

Туулган жылы: 27/06/1976

Туулган жери: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл  облусу, Түп району, Түп айылы

Үй-бүлөлүк абалы : Үй-бүлөлүү

Илимий эмгектери жана ойлоп табуулары: Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын социалдык саясаты боюнча бир канча илимий макалалар, социалдык саясат боюнча монография, Саясат таануу илими боюнча окуу-усулдук комплекс

Билген тилдери : кыргыз, түрк, орус, англис жана араб тилдери (жогорку деңгээл)

Айдоочу күбөлүгү : B, C, D категориялары

Компьютерди колдонуу : Word, Excel, Corel Draw, Corel Photo-Paint, İnternet

Клавиатураны карабай он манжа менен терүү: кыргыз, түрк, орус, жана англис тилдери      

Берген сабактары: стратегиялык башкаруу, саясат таануу, геосаясат

 

ИЛИМИЙ ДАРАЖАСЫ, НААМЫ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТТАР:

ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИ

БӨЛҮМҮ / БАГЫТЫ

ТАПШЫРГАН ЖЫЛ

БҮТҮРГӨН ЖЫЛ

ДАРАЖАСЫ

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Казы Дыйканбаев атындагы дипломатиялык академиясы

Саясий институттар, процесстер жана технологиялар, эл аралык байланыштарда саясий көйгөйлөр, ааламдашуу жана аймактык өнүгүү

(код: 23.00.02 ve 23.00.04)

2023

учурда

Докторлук (Dr. Habil)

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети

Саясат таануу

2007

2012

Кандидаттык

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу

2003

2006

Магистр

Кыргыз – Кувейт университети

Араб филологиясы

1999

2003

Бакалавриат

*Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы тарабынан саясат таануу илиминин доцентти наамы берилген.

ИШ ТАЖРЫЙБАСЫ:

Кызмат ордуна баштаган күнү

Кызмат ордунан кеткен күнү

МЕКЕМЕ ЖАНА УЮМДУН АТАЛЫШЫ

КЫЗМАТ ОРДУ

2024

 

Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясына караштуу Инвестицияларды, ушуну менен катар чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, туризмди, авиацияны, лицензиялык-уруксат берүү системасын өнүктүрүү маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча эксперттик-жумушчу топ

Мүчө

2023

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

Лицензиялоо, укуксат берүү бөлүмүнүн жетекчиси

2022

2023

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

Министрдин кеңешчиси

2021

-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңеши

Мүчө

2020

2022

«Эл аралык өнүктүрүү институту» коомдук фонду

Негиздөөчү жана мүдүр

2019

2022

Эл аралык билим берүү жана илимий изилдөөлөр борбору

Негиздөөчү жана мүдүр

2011

2018

Махмут Кашгари Барскани атындагы чыгыш университети

Ректор

2008

2011

«Зелёный колос» («Жашыл машак») коомдук фонду

Төрага

2007

2008

«Зелёный колос» («Жашыл машак») коомдук фонду

Долбоордун координатору

2006

2007

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттер аралык байланыштар жана эл аралык мамилелер боюнча комитети

Кеңешчи

сентябрь-2005

декабрь-2005

Махмут Кашгари Барскани атындагы чыгыш университети

Мамлекеттик тил боюнча проректор

2004

2005

«Социалдык реформалар коому» эл аралык кайрымдуулук уюмунун Кыргыз бөлүмү коомдук бирикмеси

Төрага

1998

2004

«Социалдык реформалар коому» эл аралык кайрымдуулук уюмунун Кыргыз бөлүмү коомдук бирикмеси

Референт-катчы

1998

1999

№1 Бишкек интернат-мектеби

Араб тили боюнча мугалим

 

СЫЙЛЫКТАРЫ:

ЖЫЛ

СЫЙЛЫКТАР

МЕКЕМЕ

2019

Эң мыкты профессордук-окутуучу

«Шарджа» маданий мурас институту, Бириккен Араб Эмирликтери

2015

Жылдын эң мыкты ректору

«Жетиген» гезити

2014

Жылдын эң мыкты ректору

Кыргыз Республикасынын «Эркин Тоо» мамлекеттик гезити

2013

Ардак грамотасы

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

2013

«Акыл тиреги»

Прогрессивдүү демилгелер фонду

2012

Улуттук билим берүүнүн мыктысы

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

 

КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ:

ЖЫЛ

КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА БИЛИМ БЕРГЕН МЕКЕМЕНИН ЖАНА КУРСТУН АТТАРЫ

СЕРТИФИКАТ

2022

Командаңызды кандай жолдлор аркылуу күчтөндүрүп, бизнесиңиздин натыйжалуулугун жогорулатууга болот?

Высоцкий бизнес-мектеби

2021

Финансылык эркиндиктин формуласы

Проктор Галлафер институту АКШ / онлайн

2020

20 жылдык маареке

«Шарджа» маданий мурас институту, Бириккен Араб Эмирликтери

2018

Карьера боюнча кеңеш берүү жана коучинг (72 саат)

Москва Психологиялык институту

2015

Ийгиликтин формуласы: мотивацияны жана берилгендикти жаратуу

Прогрессивдүү демилгелер фонду

2014

II Эл аралык Шабан-и Вели симпозиуму

Кастамону/Түркия

2014

«2050 – Казакстан стратегиясына» арналган «III. Эл аралык түрк дүйнөсүнүн экономикалык форуму» аттуу конференция

Алмата/Казакстан

2014

«Горизонт – 2020» Евросоюздун изилдөөчүлүк жана инновациялык программасы

Горизонт– 2020 Улуттук координациялоо борбору

2011

«Натыйжага багытталган лидерлик» тренинги

Бириккен Улуттар уюму, Дакка/Бангладеш

2010

«Долбоор жетектөө» тренинги

Бишкек

 

КОШУМЧА МААЛЫМАТ:

1998-жылы эмгек жолун «Зелёный колос» («Жашыл машак») Эл аралык Кувейт кайрымдуулук фондунун Кыргыз бөлүмүнүн социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча координатору болуп баштаган.

Төмөндөгү билим берүү жана социалдык долбоорлорду ишке ашырууга түздөн-түз катышкан:

  • Махмут Кашгари Барскани атындагы чыгыш университети 1999-жылы негизделген.
  • «Давха-Бишкек»  –  2003-жылдан тарта ишмердүүлүгүн баштап, жетим кыздар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн ачылган жеке менчик, орто мектеп болуп саналат.
  • «Давха-Сокулук» – 2007-жылдан тарта ишмердүүлүгүн баштап, жетим балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн ачылган жеке менчик, орто мектеп болуп саналат.
  • 2001-жылында Бишкек шаарында жетим кыздар үчүн Эне жана бала борбору түзүлгөн. Аталган борбор, 200дөн ашык Кыргызстандын бардык региондорунан ата-энесинин камкордугунан ажырап калган жана жетим балдарды толук түрдө камсыздоого алган.
  • 2007-жылында Сокулук айылында жетим эркек балдар үчүн Эне жана бала борбору түзүлгөн. Аталган борбор 100дөн ашуун Кыргызстандын бардык региондорунан ата-энесинен ажырап калган жетим балдарды толук түрдө камсыздайт.
  • Иванов айылында травматологиялык ооруканасы курулуп, пайдаланууга берилиши.
  • Кыргыз Республикасынын ар кыл аймактарында таза суу жоктугуна байланыштуу, 25тен ашык артезиан кудуктарын бургулоо жана таза суу менен камсыз кылуу.
  • 15 жылдан бери Кыргыз Республикасынын калкынын аз камсыз болгон катмарына, жетим балдарга, пенсионерлерге, майыптарга, ошондой эле табигый кырсыктардан, коомдук чыр-чатактардан жана кырсыктардан жапа чеккен адамдарга жана муктаж болгон жарандарга материалдык, медициналык жана азык-түлүк жагынан жардам көрсөтүү жана алардын социалдык-финансылык абалын жакшыртуу боюнча ар кандай социалдык программалар ишке ашырылган.

Эмгек жолунда өтөгөн кызматы үчүн Жаңы-Жер айыл аймагынын грамотасы, Кең-Булуң жана Алтын-Булак айыл аймактарынын башчыларынын ыраазычылык каттары, Өзгөн, Ош, Ысык-Көл жана Нарын райондук мамлекеттик администрацияларынын акими жана акиминин милдетин аткаруучуларынын ыраазычылык каттары менен сыйланган.

 

КУРУЛУШ ЖААТЫНДАГЫ ТАЖРЫЙБАСЫ:

Төмөнкү объектилердин курулушуна түздөн-түз катышкан:

  1. Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин билим берүү корпусу, 2800 м2, 2002-ж.
  2. Давха-Бишкек мектебинин окуу корпусу, 2000 м2, 2000-ж.
  3. Иванов айылындагы травматологиялык ооруканасы.
  4. Түп айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, 700м2.
  5. Шопоков айылындагы мечит, 200м2, 2014-ж.
  6. Исмаил айылындагы комплекс, 350 м2, 2015-ж.

Социалдык долбоорлор боюнча эмгектенген мезгилде араб өлкөлөрүнүн, атап айтканда Кувейттин жана Сауд Арабия Королдугунун/Падышалыгынын, Бириккен Араб Эмираттары жана Катардын инвесторлору жана ишкерлери менен байланыштар чыңдалды. Түркия Республикасындагы жана Кытай Эл Республикасындагы өнөктөштөр менен тыгыз байланыштамын.

  • Аналитикалык ой жүгүртүү жөндөмүнө ээ, кыска убакыттын ичинде стандарттан сырткары чечимдерди кабыл ала алган тажрыйбалуу жетекчи. Мыкты инсандык сапаттарга, адамдык баалуулуктарга ишенүү менен жалпыга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берип, жаңы уюмдун бир бөлүгү болууга даяр жана топту бирдиктүү максатка багыттап иш алып барган жоопкерчиликтүү жана коммуникативдүү адам.
  • Тез үйрөнгөн; баамчыл; абийирдүү, сабаттуу сүйлөгөн; коммуникабелдүү, уюштуруучулук жөндөмгө ээ, жоопкерчиликтүү, адептүү; тактык менен мамиле кылган, стресске туруктуу, ачык, энергиялуу, өнөктөштөр менен тил табыша билген, топ менен иштей алган кызматкер. Ар дайым үйрөнүүгө жана жаңы билимдер менен көндүмдөрдү алуу менен катар дүйнө таанымын кеңейтүү даяр.
  • Бардык шарттарда иш сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүдө ири тажрыйбага ээ. Жумуш процессин нөлдөн баштап түзө алат. Пландоо, уюштуруу, мониторинг жана баалоо иштерин жүргүзө алат.
  • Терең анализ, өзгөчө чечимдер, натыйжалуу иш-чара жана сапаттуу натыйжага артыкчылык көрсөтөт.