“Манас” университетинде Рамазандын руханий атмосферасы


  • 2024-03-29

2024-жылдын 28-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмү тарабынан уюштурулуп, угармандарды суфий музыкасынын тереңдигинде руханий саякатка алып барган Рамазан диний ырлар концерти “Манас” университетинин конгресс жана маданият борборунда өткөрүлдү.

Концертке “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл, декандар, профессордук-окутуучулук курам, административдик кызматкерлер жана студенттер катышты.

Көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнүн ага окутуучусу Гөкхан Усалдын жетекчилигинде даярдалган “Elif” жана “Vav” темаларындагы Рамазан диний ырлары жан дүйнөнү байыткан руханий азык тартуулады.

Музыкалык аспаптарда кол ойноткон таланттар; Гөкхан Усал, Фатих  Эренлер, Нежип Йылгын, Шафак Баш, ошондой эле хордо ырдаган Айзирек Абдрашитова, Жазгүл Салидинова, Аэлита Баялиева, Идин Болотбеков, Жеңиш Алмазбеков жана Элдияр Эркинбек уулу түркүн ойлорду, сезимдерди камтыган, татаал кайрыктуу күүлөрү, мукам абаздуу обондору менен көрүүчүлөрдүн черин жазышты.

“Манас” университетинде өткөрүлгөн бул өзгөчө иш-чара Рамазан айында руханий сезимдерди байытып, биримдик, ынтымак жана тилектештик сезимдерин бекемдеген атмосфера тартуулап, көрүүчүлөрдүн жүрөктөрүндө унутулгус көз ирмемдерди калтырды.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C5GCnL5tA03/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү