Диван лугат ат-түрк: Түрк маданиятынын жана түрк тилинин изинде 950 жыл


  • 2024-05-08

2024-жылдын 7-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында гуманитардык факультетинин түркология бөлүмүтарабынан “Жазылышынын 950-жылдыгына карата Диван лугат ат-түрк” аттуу илимий жыйын болуп өттү.

Илимий жыйынга гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык, декан жардамчысы, доцент Халит Ашлар, түркология бөлүмүнүн башчысы, профессор Озан Йылмаз, филология бөлүмүнүн башчысы, профессор Бурул Сагынбаева, факультеттин окутуучулары жана студенттер катышты.

Гуманитардык  факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык илимий жыйындын ачылыш сөзүндө ЮНЕСКОнун 2024-жылды “Диван лугат ат-түрк” жылы деп жарыялоосунун маанисин баса белгилеп, бул эмгектин түркология, тарых жана социология сыяктуу ар түрдүү дисциплиналар тарабынан бааланганын белгиледи.

Декан, профессор Алпаслан Ашык илимий жыйындын уюштурулушуна салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирип, түрк маданиятынын маанилүү бөлүгү болгон “Диван лугат ат-түрк” 950 жылдыгына арналган бул иш-чаранын катышуучулар үчүн жемиштүү болушун каалады.

Илимий жыйын профессор Алпаслан Ашыктын жетекчилигинде профессор Озан Йылмаз, доц.м.а.док. Негизбек Шабданалиев жана кенже илим.кызм.док. Зарина Жалбиеванын баяндамалары менен “Кашкарлык Махмуд жана Диван лугат ат-түрк”, “Түркияда Диван лугат ат-түрк боюнча изилдөөлөр” жана “Диван лугат ат-түрктүн кыргыз тилиндеги котормолору”сыяктуу маанилүү темалар талкууланды.

Иш-чаранын соңунда Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги менен биргеликте уюштурулган Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” чыгармасы боюнча дил баян жазуу сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Сынакта 3-орунду филология бөлүмүнүн кытай тили жана адабияты программасынын 3-курсунун студенти Нуриса Бейшекеева жана түркология бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Фарида Курманбекова, 2-орунду түркология бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Бермет Куштарбекова, ал эми 1-орунду  түркология бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Жылдыз Дүйшөмбүева ээледи. Калыстар тобу тарабынан бааланып, жогорку баага  ээ болгон студенттерге сыйлыктар тапшырылып, сынакка катышкан беш студентке кызыктыруучу сыйлык катары китептер берилди.

Иш-чаранын соңунда сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Төлөгөн Муратов 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти менен Министрлер Кабинетинин кабыл алган токтомуна ылайык, Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” аттуу маанилүү чыгармасын жаштардын арасында кеңири жайылышы үчүн ар кандай иш-чараларды өткөрүү менен колдоо көрсөтүлгөнүн  билдирди.

Муратов “Манас” университети дүйнөдөгү эң өнүккөн жана активдүү университеттердин бири катары эсептелерин айтып, жаштардын арасында адабий чыгармаларга болгон кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулган дил баян жазуу сынагынын маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Ал ошондой эле сынакты уюштурууга демилгечи болгондорго жана сынакка салым кошкон комиссия мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, сөзүн жыйынтыктады.

Иш-чара эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады. Бул иш-чара түрк маданиятынын жана тилинин терең тарыхына жарык чачкан жана келечек муундарга калтырууга татыктуу мурас болгон “Диван лугат ат-түрктүн” 950 жылдыгын белгилөө үчүн маанилүү кадам катары белгиленди.

    Социалдык медиада бөлүшүү