11-июнда факультетте бакалавриат бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик экзамендери жана дипломдук иштерин коргоо иш-чаралары өткөрүлдү.
Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациянын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр окуу жылдарында алган билимдерин, кесиптик компетенцияларын жана илимий-изилдөө көндүмдөрүн көрсөтүштү. Студенттердин бардыгы мамлекеттик экзамендерди жана дипломдук иштерин ийгиликтүү тапшырышты.
Иш-чаранын алкагында окууда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен студенттерге Мактоо баракчалары тапшырылды. Факультет жана кафедралар боюнча эң жогорку академиялык көрсөткүчтөргө ээ болгон студенттер өзгөчө белгиленди.
Окуунун жыйынтыгы боюнча Өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасынын студенти Тунук Кубанычбекова орточо балл 3,80 менен факультеттин мыкты студенти деп табылды.
Бүтүрүүчүлөрдү окуусун ийгиликтүү аякташы менен куттуктайбыз жана аларга кесиптик ишмердүүлүгүндө, илимий изилдөөлөрүндө жана келечектеги бардык аракеттеринде ийгиликтерди каалайбыз.


.jpeg)