2022-12-06


“ЫСЫК-КӨЛ” БИОСФЕРАЛЫК АЙМАГЫНЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК КƟЙГƟЙЛƟРҮ” АТТУУ ИЛИМИЙ ИШ-ЧАРА ƟТТҮ


2022-жылдын 30-ноябрь күнү факультетибиздин декан м.а., б.и.к., доцент Нурзат Тотубаеванын тɵрагалыгында “Ысык-Көл” биосфералык аймагынын экологиялык кɵйгɵйлɵрү” аттуу илимий иш-чара ɵттү. Иш-чара алкагында "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын экологиялык көйгөйлөрү, аларды чечүү жолдору жана аймактын өнүгүү перспективалары талкууланды.  Иш-чарага “Ысык-Көл” биосфералык аймагынын дирекциясынын адистери жана бɵлүмдүн студенттери активдүү катышты.