2024-03-27

Коомдук иш-чаралар


Коомдук иш-чаралар алкагында 2024-ж. 22-мартында факультетибиздин живопись бөлүмүнүн башчысы, ага окутуучу Адилет Жанапилов жана ага окутуучу Азамат Хамиджанов баштаган студенттердин тобу Чүй облусунун Сокулук районунун Маловодное айылында жайгашкан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, анын ичинде ДМЧ балдарды реабилитациялоо борборуна зыяратка барышты.

Реабилитациялык борборго болгон сапарда живопись бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен бирге түстү калем жана гуаш техникасында сүрөт тарттырышып, балдарга искусствонун сыйкырдуу атмосферасын тартуулоо менен бирге балдардын чыгармачылыкка болгон кызыгууларын арттырышты. Андан соң музыка бөлүмүнүн студенттери комуз жана гитаранын коштоосунда ар кайсы тилдеги музыкалык чыгармаларды аткарышып, балдарга унутулгус сезим тартуулашты.