2022-05-30


I Эл аралык «Манас» педагогикалык изилдөөлөр конгресси болуп өттү


Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл университети биргеликте уюштурган I Эл аралык «Манас» педагогикалык изилдөөлөр конгресси Карабүк жана Эрзинжан Бинали Йылдырым университеттеринин катышуусу менен өттү. Симпозиумдун баяндамалары 27-майда онлайн форматта окулуп, 28-май күнү Каракол шаарындагы Ысык-Көл университетинде офлайн режимде өттү. Симпозиумдун экинчи күнү ректорубуз профессор Алпаслан ЖЕЙЛАН, Ысык-Көл университетинин ректору, Карабүк жана Эрзинжан университеттеринин ректорлору, факультетибиздин деканы, педагогика бөлүмүнүн башчысы жана Каракол шаарынын мэри ачылыш сөздөрүн сүйлөп, илимий баяндамаларга кезек берилди.