2022-09-20


"Тилдерди окутуунун жаңы технологиялары" аттуу семинар уюштурулду


2022-жылдын 15-16-сентябрь күндөрү гуманитардык факультетинин батыш тилдери жана синхрондук котормо бөлүмдөрү тарабынан Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинде "Тилдерди окутуунун жаңы технологиялары" аттуу семинар өткөрүлдү. Семинарга К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили, кыргыз тили жана орус тили бөлүмдөрүнүн мугалимдери катышты. Аталган семинарда факультетибиздин синхрондук котормо бөлүмүнүн доценти ф.и.к., Аида Касиева жана ф.и.д., Гульнура Джумалиева, батыш тилдери бөлүмүнүн ага окутуучуусу ф.и.к. Анаркан Бектурова жана окутуучу Гульнара Байгобылова өз баяндамаларын катышуучуларга сунуштады.