2023-12-15

Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата даярдалган "Айтматов - Фиеста" студенттик фестиваль уюштурулду


2023-жылдын 12-декабрында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата даярдалган, салтка айланган "Айтматов - Фиеста" республикалык студенттик фестивалы өткөрүлдү. Фестиваль Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин филология бөлүмү жана Конфуций институту тарабынан уюштурулду.

Фестивалга Кыргызстандын сегиз университетинен: И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинен, Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз - Орус Славян университетинен, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинен, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен жана С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинен келген 93 студент катышышты.

Фестивалдын катышуучулары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү ар кайсы тилдерде аткарышышып, музыкалык аспаптарда ойношту жана ыр ырдашты, оригиналдуу эсселерди жана ырларды окушушту. Ар бир катышуучунун аткаруусу эсте каларлык болду.

Фестивалдын соңунда бардык катышуучуларга сертификаттар, ал эми жеңүүчүлөргө дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

Фестиваль достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн унутулгус чыгармачыл атмосферасында өткөрүлдү. Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы фестивалда таланттуу жана креативдүү жаштарды бириктирди.