2025-12-17
Синхрондук котормо бөлүмүнүн ага окутуучусу Мухиттин Гүмүш тарабынан Кыргызча–Түркчө жана Түркчө–Орусча программаларынын студенттери менен биргеликте түрк жана кыргыз поэзиясынын үлгүлөрү сунушталган «Поэзия дүйнөсү» аттуу адабий иш-чара уюштурулду. Иш-чарага окутуучулар жана студенттер кызыгуу менен катышты.
Адабий иш-чаранын алкагында түрк адабиятында өзгөчө орун ээлеген Хүсеин Нихал Атсыз, Абдуррахим Каракоч, Орхан Сейфи Орхон, Энис Бехич Корюрек, Илтер Ешилай жана профессор, доктор Фейзи Эрсойдун чыгармалары, ошондой эле кыргыз адабиятынын көрүнүктүү акындары Аалыкул Осмонов, Омор Султанов, Салижан Жигитов жана Алтынбек Исмаиловдун ырлары көркөм окулду.
«Поэзия дүйнөсү» аттуу программа улуттук маданиятыбызга басым жасоо, студенттердин адабий табитин калыптандыруу жана поэзияга болгон кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулду.