2025-12-19
19.12.2025-ж. Синхрондук котормо бөлүмүнүн студенттери тарабынан уюштурулган “Тилмечтер таймашы” интеллектуалдык жарыштын кезектеги оюну өткөрүлдү. Бул жолку оюн Кыргызча-Түркчө программасынын 3-курсунун студенттери жана “Тилмеч” клубунун координатору Кубаныч Кененбаев тарабынан “Эң, эң, эң...” деген аталышта уюштурулду. Оюнга, “Жаратман”, “Биримдик”, “Баян” жана “Кут” командалары катышты. Таймаштын натыйжасында 3-орунга “Баян”, 2-орунга “Жаратман” ал эми 1-оурнга “Биримдик” командалары ээ болушту. Байгелүү орундарга ээ болгон командаларды куттуктоо менен кийинки өткөрүлө турган оюндарда ийгиликтерди жана жигердүүлүк каалайбыз!
