2025-05-01

Нарын мамлекеттик университетинин студенттери жана окутуучулары тажрыйба алмашуу максатында конокто болушту (28-апрел- 2025)


2025-жылдын 28-апрелинде С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Чет тилдер жана компьютердик системаларды программалоо колледжинин "Мейманканаларда жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу" программасынын окутуучулары жана студенттери тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты чыңдоо максатында биздин университетке расмий сапар менен келишти.

Сапардын жүрүшүндө меймандар университетибиздин материалдык-техникалык базасы, окутуу процессин уюштуруу ыкмалары жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышышты. Тараптар билим берүү тармагындагы өз ара кызматташтыктын келечеги тууралуу пикир алмашып, пайдалуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Иш-чаранын алкагында факультет тарабынан Бишкек шаарындагы заманбап мейманканалардын катарын толуктаган Sheraton Bishkek жана Madison мейманканаларына экскурсия уюштурулду. Бул экскурсия студенттер үчүн практикалык билимди бекемдөө жана реалдуу иш тажрыйбасын көрүү мүмкүнчүлүгүн жаратты.

Мындай жолугушуулар окутуучулар менен студенттер үчүн чоң тажрыйба болуп саналат жана туризм тармагындагы билим сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.