2026-04-28
Бөлүмүбүз 3- жана 4-курс студенттерине арналган «Кыргыз көчө тамактары» темасындагы фотосынакты уюштурду. 2026-жылдын 24-апрелинде өткөн көргөзмө жана сыйлык тапшыруу аземинде студенттердин бир жума бою өз жабдыктары менен тарткан табигый кадрлары көрүүчүлөргө сунушталды.
Сынакка 20га жакын студент катышты. Адил казылар алкагында:
Көркөм сүрөт факультетинин доценти, педагог, илимдин кандидаты Бану Эрдоган Чакар,
Радио-ТВ жана кино бөлүмүнүн адиси Фахри Тархан,
Туризм факультетинин бүтүрүүчүсү жана фотосүрөт адиси Айпери Асанкулова
болду.
Жеңүүчү студенттер:
1-орун: Самар Талантбеков
2-орун: Жаныл Абдулхариева
3-орун: Жанара Бейшеналиева
Атайын сыйлыктар:
Мыкты композиция: Умар Чакып уулу
Мыкты оригиналдуу фото: Арсен Чернов
Мыкты эстетикалык фото: Гүлзар Равшанбек кызы
Казылар алкасынын атайын сыйлыгы: Самар Талантбеков
Көрүүчүлөрдүн атайын сыйлыгы: Махабат Маматжанова
Студенттерибизди сыйлаган байгелерди камсыздаган бардык демөөрчүлөрүбүзгө терең ыраазычылык билдиребиз!



