2026-11-02
«Орхун» алмашуу программасынын алкагында Сүлейман Демирел университетинин Саламаттыкты сактоо илимдери факультетинин Тамактануу жана диетология бөлүмүнүн окутуучусу, д-р Хатиже Байгут Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Туризм факультетинин Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүндө өзүнүн академиялык ишмердүүлүгүн баштады.
2026–2027-академиялык жылынын күзгү семестринде ишке ашырылып жаткан академиялык персоналдын мобилдүүлүгүнүн алкагында билим берүү жана илимий-изилдөө иштери жүргүзүлөт. Программа тамактануу, диетология жана гастрономия тармактарынын ортосунда дисциплиналар аралык билим жана тажрыйба алмашууну чыңдоону максат кылат. Бул академиялык мобилдүүлүк эки университеттин ортосундагы илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана эл аралык академиялык байланыштарды кеңейтүүгө салым кошот деп күтүлүүдө.