2025-04-04


Аламүдүн капчыгайына окуу-практикалык экскурсия уюштурулду. 03-апрель 2025-жыл


Үстүбүздөгү 2025-жылдын 3-апрели, бейшемби күнү, доц. др. Бакыт Турдумамбетовдун жетекчилиги алдында бөлүмүбүздүн 1-курсунун студенттери үчүн Аламүдүн капчыгайына окуу-практикалык талаа экскурсиясы уюштурулду.

Экскурсиянын алкагында студенттер Аламүдүн шаркыратмасына чейинки треккинг маршруту боюнча жөө жүрүш кылышып, ал жактагы тыныгуу учурунда Аламүдүн өрөөнүндөгү "Jannat Resort" мейманканасы, "12 каминов" рестораны жана "Теплые ключи" профилакторий эс алуу жайы сыяктуу туристтик объектилер тууралуу кыскача маалымат алышты.  Жөө жүрүштүн соңунда студенттер 2 командага бөлүнүп, тоо шартында чатырларды тез жана сапаттуу тиккенди үйрөнүштү. Экскурсияга жалпы 37 студент жана докторантыбыз Сүйүнбек Чыкынов активдүү катышышты.