2025-10-30
Бөлүм башчыбыз э.и.к., доц. Бакыт Турдумамбетов 28-октябрь, шейшемби күнү STR-405 "Туризмдин өзгөчө түрлөрү" сабагынын алкагында студенттер менен биргеликте Бишкек шаарынын айрым музейлерине жана тарыхый жерлерге саякат уюштурушту. Бул практикалык сабактын жүрүшүндө студенттер Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде, М.В. Фрунзенин мемориалдык үй-музейинде жана Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде болушуп, баалуу экспонаттар менен таанышып, кызыктуу маалыматтарга ээ болушту. Жана ошондой эле Курманжан Датка энебиздин эстелигин зыярат кылышты.



