2025-11-19


Чоң-Кемин өрөөнүнө окуу-практикалык сапар уюштурулду. 2025-жылдын 18-ноябры


Бишкектен 140 км узактыкта орун алган, бийик тоолуу Чоң-Кемин өрөөнүнө бөлүмүбүздүн 4-курсунун студенттери үчүн окуу-практикалык сапар уюштурулду. Бул саякат STR-405 "Туризмдин өзгөчө түрлөрү" сабагынын алкагында жана «Туризмдин бийик тоолуу аймактын туруктуу өнүгүүсүнө тийгизген таасирин талаа изилдөө: Чон-Кемин өрөөнүнүн мисалында» аттуу туруктуулук боюнча иш-аракет үчүн уюштурулуп, студенттерибиз аталган өрөөндө ийгиликтүү иштеп жаткан "Кемин" мини-отели жана "Ашу" конок үйү сыяктуу туризм ишканалары менен жеринен таанышышты. Саякат бөлүм башчыбыз э.и.к., доц. Бакыт Турдумамбетов тарабынан уюштурулду.