2026-10-30


Чоң-Кемин өрөөнүнө окуу-таанышуу сапары уюштурулду


2026-жылдын 29-октябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Туризм факультетинин студенттери үчүн Чоң-Кемин өрөөнүнө окуу-таанышуу сапары уюштурулду. STR-405 «Туризмдин өзгөчө түрлөрү» сабагынын практикалык бөлүгүнүн алкагында өткөрүлгөн сапарга 16 студент катышты.

Сапардын жүрүшүндө студенттер «Ала-Куш» этнокомплекси, «Кемин» конок үйү жана «Ашу» чакан мейманканасы менен таанышышты. Бул объектилердин мисалында этнотуризм, маданий, айыл жана ботаникалык туризм, ошондой эле ишкердик, конгресстик туризм жана ден соолукту чыңдоого багытталган ретриттерди уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Программага Чоң-Кемин дарыясы жана «Чоң-Кемин» улуттук жаратылыш паркы да кирди. Бул аймактарда рафтинг, балык уулоо туризми, экотуризм жана жаратылышка негизделген туризмдин мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурулду.

Окуу-таанышуу сапары студенттерге теориялык билимдерин практикалык мисалдар менен байланыштырууга жана өрөөндөгү туристтик кызматтардын ар түрдүүлүгү менен таанышууга мүмкүндүк берди.

Окуу-таанышуу сапары бөлүм башчысы, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Бакыт Турдумамбетов тарабынан уюштурулду.