Кыргыз-Түрк Манас университетинин айрым бөлүмдөрүндө (Туризм, Айыл чарба, Котормо) студенттердин адистик боюнча билимин тереңдетүү максатында тандама жана милдеттүү сабак катары немис тили окутулат. Студенттер өз кесибининин талабына ылайык, өз максаттарына жетүү үчүн адистигине байланыштуу немис тили боюнча теориялык жана практикалык сабактарга катыша алышат.