2025-05-30


"СИМПОЗИУМДАГЫ ИЙГИЛИКТҮҮ КАДАМДАР!"


И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин гуманитардык – педагогикалык колледжи тарабынан 2025-жылдын 2-майында өткөрүлгөн «Мектепке чейинки балдардын эмоционалдык интеллектинин өнүгүүсү: практикалык методдор жана стратегиялар» аттуу симпозиумга Кесиптик колледжибиздин окутуучулар курамы Гүлзаада АБДРАЛИЕВА, Насикат АЛИЕВА, Рашит ЙИЛМАЗ жана Мектепке чейинки билим берүү программасынын студенттери активдүү катышып келишти! Билим, тажрыйба жана чыгармачылыкты өнүктүрүүгө багытталган бул иш-чарада студенттерибиз өздөрүн мыкты деңгээлде көрсөтүштү.