Мүдүрдөн сөз

Жошообузду коштоп келе жаткан кесиптик жана техникалык билим берүү, жаштардын жөндөмдүүлүгүн жана кызыгуусун ойготуп, иш дүйнөсүнүн муктаждыктарына багытталган билим алуусуна өбөлгө түзүү менен бирге эле илимпоздордун, өнүккөн технологиянын негизинде маалымат жаңыртуу, иш алмаштыруу, кесибинде жогорулоо сыяктуу жетишкендиктерге ээ болууну камсыз кыла турган миссияны тандап алганбыз.

Бул миссияга салым кошуу максатында 2005-2006- окуу жылында түзүлгөн Кыргыз-Түрк «Манас» Университетиндеги Кесиптик жогорку мектеби, кесиптик жана техникалык тармакта өз чөйрөсүнүн эң өнүккөн жана эң жакшы шарттары бар (Ателье- лабораториялары, коомдук мекемелер жана тажрыйбалуу мугалимдер, техникалык кызматтагы кадрлар) кесиптик окуу жайларынын бири болуп саналат.

Окуу жайыбыздан 2009-2010 -окуу жылында бүтүргөн, Офис менеджмент жана жетекчинин жардамчысы менен Бухгалтердик эсеп программаларынын алгачкы бүтүрүүчүлөрү, Кыргызстан ж.б. дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жана ар түрдүү тармактарда жакшы кызматтарга орношуп иштеп жатышат.

Бүтүрүүчүлөрүбүздү иш чөйрөсүнө жана коомго активдүү катыштыруу максатында, алгачкы жылдары илимий жана негизги билимдер, ошондой эле акыркы жылдарда кесиптик билимдер менен адистик тармактарына багытталган, кесиптик дүйнөсүндө горизанталдык жана вертикалдык кыймылды камсыз кыла турган кенен бир пайдубал түптөө үчүн бул тармактагы мекемелер менен активдүү кызматташтыкта болуп, билим беруу программасында иш чөйрөсүнүн жумушчу кучунөн талап кылынган квалификациялар камтылган.

Бул күнгө чейин Кыргыз-Түрк «Манас» Университетиндеги Кесиптик жогорку мектебине эмгеги сиңген урматуу кесиптештериме, арабызга жаңы кошулган мугалимдерибизге жана бизди тандап келген студенттерибизге чын-жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирип, жаңы окуу жылында бекем ден-соолук, бакыт, бейпилдик жана ийгиликтерди каалайм.

Доц.М.А.Др. Махмут ВУРАЛ
Кесиптик жогорку мектеп мүдүрү