Бетон үлгүлөрүнүн кысууга туруштук берүү күчүн текшерүү үчүн колдонулуучу гидравликалык пресс.
Нивелир-жер бетинин бийиктигин өлчөөдө колдонулуучу геодезиялык аспап. Жер бетинин горизонталдуу абалын рейка менен аныктап, бийиктиктерин салыштырат.
Бетон аралаштыргыч машинасы (бетономешалка), лабораториялык үлгүлөрдү даярдоо үчүн колдонулат. Бул жабдуу цемент, кум, шагыл жана сууну белгилүү катышта аралаштырып, бир тектүү бетон аралашмасын алуу үчүн колдонулат. Аралашма кийин калыпка куюлуп, кысууга же башка механикалык сыноолорго даярдалат.
Жабдуу бетондун суу өткөрбөө касиетин текшерүү үчүн колдонулат.
Air Meter, же тактап айтканда бетондогу абанын көлөмүн (процентин) өлчөөчү аспап. Бул жаңы аралаштырылган бетон аралашмасындагы абанын пайыздык көлөмүн аныктоо үчүн колдонулат. Бетондо канча аба бар экенин процент менен аныктоо.
CAD/CAM программалары (AutoCAD, 3D Max, SketchUp, ArchiCAD ж.б.) үйрөтүлөт. 25 компьютер бар.
Жалпы аянты: 50 м²