ЖЫГАЧ ИШТЕТҮҮНҮН ТЕХНОЛОГИЯСЫ, ЭМЕРЕКТЕР ДИЗАЙНЫ ЖАНА КОНСТРУКЦИЯЛОО ПРОГРАММАСЫНЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНҮН ИШКЕ ОРНОШУУ ТАРМАКТАРЫ
Адистик багыттары:
Бул программаны ийгиликтүү аяктаган студенттер “Эмерек дизайны жана конструкциялоо техниги” адистигине ээ болушат.
“Эмерек дизайны жана конструкциялоо техниги” программасынын бүтүрүүчүлөрү жеке секторго таандык жыгач материалдарын иштетүү өнөр жайынын жыгач, паркет, таңгактоо, фанера, жыгач булалуу такта, ЖСТ (жыгач сүрүндү такта), эмерек, каптоочу, сиңирүү сыяктуу багыттардагы өндүруштө, сатуу жана маркетинг жумуштарында эмгектене тургандар же болбосо ошол эле индустрия тармагында өзүнүн жеке ишканасыны ачып иштетишсе болот.
Көптөгөн студенттерибиз практика өткөн мекемелерден жумуш сунуштарын алып, окуусун аяктагандан кийин ишке орношуп жатышат.
Биз кызматташкан айрым мекемелер:
OсОО 'BETA-GROUP'
ИП: 'АЛЯНС МЕБЕЛ'
«БАЯСТАН ПРОЕКТ»
ОсОО 'CLICK'
Практика процессинде студенттер бул тармакта окуу учурунда алган билимдерин бекемдөө аркылуу кесиптик компетенттүүлүккө ээ болушат.