2026-02-11

Наманган университетинен окутуучулар факультетибизге келишти


Өзбекстан Республикасынын Наманган мамлекеттик университетинин искусство жана спорт факультетинин окутуучулары факультетибиздин окутуучулары менен жолугушту.

2026-жылдын 10-февралы, шейшемби күнү, саат 16:00дө факультетибиздин конференция залында өткөн жолугушууда конок окутуучулар өз университеттери жана потенциалдуу кызматташуулар тууралуу презентация кылышты.