Түркиянын Жаачылар фонду жана Дүйнөлүк салттуу жаа атуу биримдиги (WTAU) тарабынан 2026-жылдын 3–7-июнь күндөрү Стамбул шаарында өткөрүлө турган 14-Эл аралык «Фетих» кубогуна университетибиздин атынан үч студентибиз ага окутуучу Самат СҮЙӨРКУЛОВдун жетекчилиги астында катышууда.
Студенттердин жол киреси, жашоо чыгымдары, тамак-ашы жана башка керектүү чыгымдары университет тарабынан каржыланды. Стамбулдун багындырылышынын 573 жылдыгына арналган бул мелдеш быйыл он төртүнчү жолу уюштурулуп, Стамбул шаарындагы Окмейданы аймагында жайгашкан Жаачылар фондунун комплексинде өткөрүлүүдө.
Мелдеш дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген салттуу жаачыларды бириктирип, Стамбулдун багындырылышын эскерүү жана тарыхый Жаачылар фондунун мурасын сактоо максатын көздөйт. Мында классикалык, татаал жана салттуу жаа атуу боюнча мелдештер өткөрүлөт.
1480-жылы Султан Мехмед II тарабынан негизделген тарыхый Жаачылар фонду дүйнөдөгү алгачкы катталган спорт клубдарынын бири катары белгилүү болуп, бүгүнкү күндө да салттуу жаа атуу өнөрүн өнүктүрүүгө кызмат кылып келет.
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)