Университетибиз, Кахраманмараш Сүтчү Имам университети, Кыркларели университети жана Кахраманмараш шаардык мэриясы менен биргеликте 2026-жылдын 2-4-октябрь күндөрү аралыгында өткөрүлө турган «Түрк элдеринин салттуу спорт оюндарынын» XIV Эл аралык симпозиумуна даярдык көрүү боюнча жыйын онлайн режиминде өттү.
Университетибиз, Кахраманмараш Сүтчү Имам университети жана Кахраманмараш шаардык мэриясынын окутуучулары менен кызматкерлери 2026-жылдын 27-августунда факультетибиздин конференция залында өткөн жыйынга катышышты.
Жыйындын жүрүшүндө симпозиумдун катышуучуларынын жери, тамак-ашын жана жол киресин камсыз кылуу ошондой эле чакыруулар жана илимий презентациялар менен байланышкан маселелер боюнча иштеп, пикир алмашышты.