2026-02-26
24-февралда Мөмө жемиш жана талаа өсүмдүктөрү багытындагы магистранттын мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы өткөрүлдү.
Аттестациянын алкагында магистрант мамлекеттик экзаменди ийгиликтүү тапшырып, магистрдик диссертациясын коргоду. Быйыл кафедраны ийгиликтүү аяктаган бир бүтүрүүчү — Кадырова Акшоокум.
Илимий жетекчиси — профессор, доктор Ахмет Айгүн.
Коргоо учурунда магистрант жогорку деңгээлдеги теориялык даярдыгын, заманбап илимий изилдөө ыкмаларын колдонуу жөндөмүн жана алынган жыйынтыктарды негиздеп берүү жөндөмдүүлүгүн көрсөттү. Мамлекеттик экзаменациялык комиссия иштин актуалдуулугун жана практикалык маанисин белгиледи.
Бүтүрүүчүнү окуусун ийгиликтүү аякташы менен куттуктайбыз жана мындан аркы илимий жана кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалайбыз.
