2025-жылдын 24-апрелинде факультетибизде 2-Студенттик конгресс ийгиликтүү өткөрүлдү. Бул иш-чарада студенттерибиз өздөрүнүн илимий иштерин сунуштап, ар кандай секцияларда оозеки түрүндө баяндама жасашты. Конгресс алкагында айыл чарба илиминин актуалдуу маселелери каралып, студенттер менен окутуучулар ортосунда тажрыйба жана билим алмашуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Ошондой эле конгресске тармактын өкүлдөрү катышып, студенттерге практикалык кеңештерди беришти.
25-апрелде болсо, факультетибизде Карьера күнү уюштурулуп, студенттер айыл чарба тармагындагы алдыңкы мекемелер жана компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Иш-чаранын алкагында өткөн панелдик сессияларда жана түз баарлашууларда студенттер карьералык пландарын аныктоого багыт берүүчү маанилүү маалыматтарды алышты. Мындан тышкары, тажрыйба (стажировка) жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да маалымат алышты.
Бул эки маанилүү иш-чара студенттерибиздин илимий жана кесиптик өнүгүүсүнө чоң салым кошту.