2026-03-09

Өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүндө микробиология боюнча окутуу курсу өткөрүлдү


5–6-март күндөрү Өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаментинин кызматкерлери үчүн окутуу курсу өткөрүлдү.

Курсту доцент Махабат Конурбаева өткөрүп, катышуучуларга жалпы микробиология, микроорганизмдердин таза культураларын бөлүп алуу жана сактоо ыкмалары, ошондой эле суспензиялардын концентрациясын аныктоо методдору боюнча лекциялар окулду.

Сабактар теориялык жана практикалык бөлүктөрдүн айкалышында өтүп, алынган билимдер лабораториялык иштер аркылуу бекемделди. Курстун жүрүшүндө катышуучулар активдүү суроолорду берип, микробиологиялык ыкмаларды практикалык ишмердүүлүктө колдонуу маселелерин талкуулашты.

Курстун жыйынтыгында Департаменттин кызматкерлери Махабат Конурбаевага жана факультеттин жетекчилигине окутууну уюштурганы үчүн ыраазычылык билдиришти.