2026-04-09

Факультеттин окуу-өндүрүштүк базасынын аймагында мөмө-жемиш бактарынын көчөттөрү отургузулду


9-апрелде факультеттин аймагында мөмө-жемиш бактарынын көчөттөрүн отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында алма, алмурут, шабдалы жана башка мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн 285 даана  көчөттөрү отургузулду.

Иш-чарага факультеттин окутуучулары жана студенттери катышып, аймакты жашылдандырууга жана көрктөндүрүүгө өз салымдарын кошушту.

Мындай иш-чаралар студенттердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, экологиялык маданиятты калыптандырууга жана окутуучулар менен студенттердин ортосундагы өз ара байланышты чыңдоого өбөлгө түзөт.