2026-04-10

Факультетте мөмө-жемиш өстүрүүчүлүк боюнча семинар өткөрүлдү


10-апрелде факультетте профессор, доктор Кубанычбек Тургунбаев тарабынан «Кыргызстанда мөмө-жемиш өстүрүүчүлүк» темасында семинар өткөрүлдү.

Семинарда өлкөдө мөмө-жемиш өстүрүүчүлүктүн өнүгүшүнүн актуалдуу маселелери, заманбап ыкмалар жана тармактын келечеги тууралуу маалымат берилди. Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, пайдалуу жоопторду алышты.

Иш-чара студенттердин жана окутуучулардын активдүү катышуусу менен интерактивдүү форматта өттү.