2026-04-23

Факультетте «Agrointellect Cup» интеллектуалдык оюну өткөрүлдү


21-апрелде «Айыл чарба жумалыгы – 2026» алкагында факультетте «Agrointellect Cup» аттуу студенттик интеллектуалдык оюн өткөрүлдү.

Иш-чара командалык таймаш форматында өтүп, катышуучулар өз билимдерин, логикалык ой жүгүртүүсүн жана биргелешип иштөө жөндөмүн көрсөтүштү. Оюнга факультетибиздин студенттери менен катар Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенттери да катышып, иш-чарага өзгөчө маанай берди.

Студенттер жигердүү катышып, оюн достук жана жемиштүү атмосферада өттү.

Бул интеллектуалдык оюн студенттердин таанып-билүү активдүүлүгүн арттырууга жана командалык рухту чыңдоого өбөлгө түздү.